БУУнун Папуа-Жаңы Гвинеяга колдоо билдирүүсү

Антониу Гутерриш X социалдык медиа баракчасынан жүздөгөн адамдын өмүрүн алган жер көчкүдөн улам Папуа-Жаңы Гвинея элине тилектештик билдирүүсүн жөнөттү.

2144390
БУУнун Папуа-Жаңы Гвинеяга колдоо билдирүүсү

Тынч океандын түштүгүндөгү Папуа-Жаңы Гвинеяда өкмөт, 24-майда болгон жер көчкүдө топурактын астында калгандардын санынын 2 миңден ашканын жарыялады.

Папуа-Жаңы Гвинея өкмөтү Энга облусунун тоолуу Каокалам айылындагы жер көчкүдөн улам Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) жардам сурады.

Өкмөт топурактын астында калгандардын санынын 2 миңден ашканын жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш болсо жер көчкүдөн жабыркаган Түштүк Тынч океан өлкөсү Папуа Жаңы Гвинеяга колдоо көрсөтө тургандарын билдирди.

Антониу Гутерриш X социалдык медиа баракчасынан, жүздөгөн адамдын өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу Папуа-Жаңы Гвинея элине тилектештик билдирүүсүн жөнөттү.

Колдоо көрсөтүү үчүн БУУнун өз топторун даярдап жатканын айткан Гутерриш, өкмөттүн аракеттерине жардам берилерин маалымдады.

БУУнун Эл аралык Миграция уюму (МОМ) 24-майдагы кырсыктан 670 кишинин каза болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар