БУУ : "Йеменде 7 жаран каза болду"

Бириккен Улуттар Уюму май айында Йемендин батышындагы Худейде шаарында мина жана согуш ок-дарыларынын жарылуусунан 7 жарандын каза болгонун жарыялады.

2155464
БУУ : "Йеменде  7 жаран каза болду"

Бириккен Улуттар Уюму  май айында Йемендин батышындагы Худейде шаарында мина жана аскердик  ок - дарылардын жарылуусунан 7 жарандын каза болгонун жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Йемендеги Худейда келишимине колдоо көрсөтүү миссиясынын билдирүүсүндө, өлкөдө мина жана жарылбай калган снаряддардын жарылышынын натыйжасында каза болгондор тууралуу маалымат берилди.

Худейдеде май айында жарылуучу ок-дарыларга байланыштуу 7 окуя болгондугу жана бул окуяларда бир бала болгон 7 жарандын каза болгондугу, 2 кишинин жараланганы билдирилди.

"Йемен дүйнөдөгү эң көп мина жана аскердик ок - дары калган өлкөлөрдүн бири",- деп айтылган билдирүүдө  БУУнун Йемендеги миналарды жана аскердик  ок-дарыларды тазалоо иштерине катышууда чечкиндүү экени белгиленди.

 



Тектеш кабарлар