Татьяна Беляева кечээ Дагестанда болгон кол салууда 20 кишинин каза болгондугун билдирди
Россиянын Дагестан автономиялык республикасынын саламаттыкты сактоо министри Татьяна Беляева кечээ Махачкала жана Дербент шаарларында болгон куралдуу кол салуулардын натыйжасында каза болгондордун саны 20га жеткенин билдирди.
Россиянын Дагестан автономиялык республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Татьяна Беляева кечээ Махачкала жана Дербент шаарларында болгон куралдуу кол салуулардын натыйжасында каза болгондордун саны 20га жеткенин билдирди.
Беляева кечээ Махачкала жана Дербент шаарларында полиция посту, синагога жана эки чиркөө бутага алынган кол салуулар тууралуу өзүнүн Telegram каналында төмөнкүлөрдү билдирип : "23 - июнда Махачкала жана Дербент шаарларында жасалган террордук кол салууда 46 киши жаракат алды. Булардын арасында полиция кызматкрелери менен жарандар бар. Жараланган 7 кишинин абалы оор. Жаралууларга ооруканаларда керектүү медициналык жардам берилүүдө. Тилекке каршы 20 киши каза болду. Булардын арасында да полиция жана жарандар бар",- деди.
Россиянын ички иштер министрлиги Махачкала жана Дербент шаарларында күбөлүгү белгисиз куралдуу кишилердин кол салгандыгын билдирген.
Бир полиция пункту, синагога жана эки чиркөө бутага алынган кол салууларда 15 полиция жана 1 дин кызматкери менен көп сандаган жарандын каза болгону, 6 кол салуучунун өлтүрүлгөндүгү белгиленген.
Тектеш кабарлар
Кэтрин Рассел балдардын "экстремалдуу аба кубулуштарына карата коргоочусуз» экендигин айтты
Аба ырайынын өзгөрүшү өткөн жылы 85 өлкөдө 242 миллион баланын билим алуусун үзгүлтүккө учуратты.