Дмитрий Песков  Дагестанда болгон кол салуу тууралуу суроолорго жооп берди

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков  Дагестандагы террордук кол салуудан улам Россиянын 2000 -  жылдарга  кайтуудан тынчсызданбагандарын белгиледи.

2155439
Дмитрий Песков  Дагестанда болгон кол салуу тууралуу суроолорго жооп берди

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков  Дагестандагы террордук кол салуудан улам Россиянын 2000 -  жылдарга  кайтуудан тынчсызданбагандыгын  белгиледи.

Песков Дагестан аймагындагы Махачкала жана Дербент шаарларында кечээ болгон жана  19 киши каза болгон кол салауу тууралуу Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Россиянын президенти Владимир Путиндин кол салууда каза болгондор үчүн  көңүл айткандыгын белгилеген Песков Россия  дос болбогон өлкөлөрдөн кол салуу тууралуу көңүл айтуулар  жана  айыптоолордун келбегендигин баса белгиледи.

Песков  Путиндин кол салуу тууралуу абалдарды жакындан изилдегендигин, керектүү маалыматтардын берилип тургандыгын айтты.

Кол салуудан улам Россиянын  2000 – жылдардын башындагы абалга кайтуудан улам тынчсыздануулар тууралуу суроого : «Россия азыр башка. Коомчулук бири бири менен интеграцияланган жана кечээ Дагестанда болгондой  террордук көрүнүштөр Россияда же Дагестанда коомчулук тарабынан колдоого алынбайт»,- деп жооп берди Песков.

Путин 2000 – жылдан бери Россияны башкарып келе жатат. Биринчи жолу өзүнөн мурдагы президент Ельцин тарабынан өкүл катары президенттик кызматка дайындалган Путин 2000 – жылы март айында Россиянын президенти болуп шайланган.

Россиянын ички иштер министрлигинен кечээ берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Махачкале жана Дербент шаарларында күбөлүктөрү белгисиз куралдуу кишилердин кол салгандыгы билдирилген.

Бир полиция пункту, синагога жана эки чиркөө бутага алынган кол салууларда  15 полиция менен  4 жаран каза болгон.



Тектеш кабарлар