Венгрияда Эгей аймагынын даамдары таанытылды
Быйыл Түрк ашканасы жумалыгынын биринчи иш-чарасы «Эгей даамдары» темасы менен борбор шаар Будапештте өткөрүлдү.
Венгрияда Түрк элчилигинин кызматташтыгында «2024 Түрк-Венгер маданият жылынын» алкагында белгиленген Түрк ашканасы жумалыгында Эгей аймагынын даамдары эки иш-чара менен конокторго тартууланды.
Быйыл Түрк ашканасы жумалыгынын биринчи иш-чарасы «Эгей даамдары» темасы менен борбор шаар Будапештте венгриялык коноктор, дипломатиялык кызматкерлер, маданият, искусство, спорт жана медиа чөйрөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.
Иш-чарада конокторго өткөн жылы Баск кулинардык дүйнөлүк сыйлыгын алган ашпозчу Эбру Байбара Демир тарабынан Эгей ашканасынын жергиликтүү азыктары менен даярдалган тамактар тартууланды.
Түрк ашканасы жумалыгынын экинчи иш-чарасында да ашпозчу Эбру Байбара Демир Эгей даамдарын конокторго кабыл алуу форматында тартуулады.
Иш-чарада түрк жана венгер ашканаларынын окшош тамактары менен тамак жасоо ыкмалары түшүндүрүлдү.