Кемал Адван ооруканасынын директору  Хусам Абу Сафие эпидемия жана ачарчылык боюнча эскертти

Абу Сафие Анадолу агенттигине берген маалыматында Газа жана түндүк шаарлардагы абалдын абдан начар экенин; Медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди табууда кыйналгандарын, саламаттыкты сактоо системасынын минималдуу деңгээлде иштеп жатканын айтты.

2154762
Кемал Адван ооруканасынын директору  Хусам Абу Сафие эпидемия жана ачарчылык боюнча эскертти

Газа тилкесинин түндүгүндөгү Кемал Адван ооруканасынын директору  Хусам Абу Сафие Израиль жардамдардын киришине тоскоол болгон аймактагы эпидемия жана ачарчылыктан улам «оор гуманитардык кырсык болушу мүмкүн» деп эскертти.

Абу Сафие Анадолу агенттигине берген маалыматында Газа жана түндүк шаарлардагы абалдын абдан начар экенин; Медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди табууда кыйналгандарын, саламаттыкты сактоо системасынын минималдуу деңгээлде иштеп жатканын айтты.

Абу Сафие акыркы эки жумада 214 баланын туура эмес тамактануу белгилери менен ооруканага жеткирилгенин, алардын 50дөн ашыгынын  тамактанбаганын, 6 оор бейтаптын реанимацияда дарыланганын билдирди.

Абу Сафие : «Газа тилкесинин түндүгүнө эч кандай  материал кирген жок, бир гана ун бар, ал кары-картаңдар жана кош бойлуу аялдар үчүн керектүү азыктарды камтыбайт, май жана белок камтыган азыктарга муктаждык бар»,- деди. 

Оорукананын директору ошондой эле көчөлөрдө топтолгон таштандылар жана  агынды суулар Газа жана түндүк шаарларда оору, өзгөчө эпидемия коркунучун арттырарын эскертти.

Абу Сафие: "Ачкачылыктан улам адамдардын иммундук системалары алсырады. Бул оорулардын жана эпидемиялардын, өзгөчө гепатит жана ичеги-карын инфекцияларынын жайылышын тездетет",-  деди.

Абу Сафие дүйнөгө кайрылып, чек ара дарбазаларын ачып, Газага гуманитардык жардамдын киришин камсыз кылуу жана куткарыла турган бардык адамдарды куткаруу үчүн Израилге кысым жасоого чакырды.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында 37 миң 400дөн ашуун палестиналык, анын ичинде эң аз 15 миң 694 бала жана 10 миң 279 аял каза болуп, 85 миң 600дөн ашуун киши жараланды.



Тектеш кабарлар