Европанын эң кымбат өлкөсү Швейцария

Эгерде бир  өлкөнүн баа деңгээлинин индекси 100дөн жогору болсо, бул  салыштырылган өлкө тобунун орточо көрсөткүчүнө караганда “кымбат”, ал эми 100дөн аз болсо “арзан” деп эсептелет.

2154715
Европанын эң кымбат өлкөсү Швейцария

Европанын  керектөө товарлары жана тейлөө кызматтары боюнча  эң кымбат өлкө Швейцария болду. 

Эгерде бир  өлкөнүн баа деңгээлинин индекси 100дөн жогору болсо, бул  салыштырылган өлкө тобунун орточо көрсөткүчүнө караганда “кымбат”, ал эми 100дөн аз болсо “арзан” деп эсептелет.

Түркиянын 2023 - жылдагы жыйынтыгына караганда керектөө товарлары жана тейлөө  кызматтары үчүн баа деңгээлинин индекси 42 болду. Бул нарк 27 Европа Биримдиги өлкөсүндө 100 еврого сатылып алынган ошол эле товар жана кызмат корзинасынын Түркияда түрк лирасы менен 42 еврого сатыла аларын көрсөттү.

Салыштыруулар Европа Биримдигине мүчө 27 мамлекет, Европа Эркин Соода Ассоциациясынын (EFTA) 3 өлкөсү (Швейцария, Исландия жана Норвегия), 5 талапкер өлкө (Түркия, Түндүк Македония, Черногория, Сербия жана Албания) менен 1 потенциалдуу талапкер өлкөнүн (Босния - Герцеговина) арасында жасалды.

Өлкөлөр боюнча салыштырылганда 36 өлкөнүн арасында керектөө товарлары жана тейлөө кызматтарына  байланыштуу баа деңгээлинин индекси эң жогору болгон  174 өлкө менен Швейцария, эң төмөн  42 өлкө менен Түркия болду

Түркиянын жеке транспорттук унаалар индекси 143, керектөөчү электроника индекси 69 менен катталып,   30 болгон кийим индекси Түркия 36 өлкөнүн арасында эң төмөнкү индекске ээ өлкө катары белгиленди. 

Ресторандар жана мейманканалар тобунда Түркиянын индекс наркы 57 болду.

 



Тектеш кабарлар