UNRWA : "Газадагы согуш күчөп, Батыш Шериадагы согуш көз жаздымда калууда"

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттиги (UNRWA) Газа тилкесинде согуш күч алып,  Батыш Шериадагы согуштун көз жаздымда калып жатканын эскертти.

2143977

UNRWAнын социалдык тармак X эсебинен Израилдин акыркы күндөрдө басып алган Батыш Шериада күчөгөн зомбулуктарына байланыштуу билдирүү жасалды.

Билдирүүдө Батыш Шериадагы аскердик операциялар, кыйроолор, кыймылга чектөөлөр жана жакырчылыктын палестиналыктардын арасында коркуу, белгисиздик жана тынчсыздануу жаратканы белгиленди.

Газадагы согуштун күчөп, Батыш Шериадагы башка бир согуштун көз жаздымда калганы айтылган билдирүүдө   аймакта чыңалууну дагы да күчөтүүнүн тынчтык жолу менен чечүүнү дагы да алыстата турганы белгиленди.

Израил армиясы 21 – 23 - майда Батыш Шерианын Женин шаар жана  лагерине кол салууларды жасап, 12 палестиналык каза болуп, 21 палестиналык жараланды жана  7 үй толугу менен талкаланып, жүздөгөн үй зыянга учурады.

Тектеш кабарлар