БУУ Судандан коркунучтуу кабар келгенин билдирди

Филиппо Гранди карапайым элге каршы «өлүмчүл кол салуулар» болгонун белгиледи.

2143834
БУУ Судандан коркунучтуу кабар келгенин билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун  Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди жарандык согуш жүрүп жаткан Судандын батышындагы Түндүк Дарфур штатынын борбору Фаширден коркунучтуу кабар келгенин белгилеп, карапайым элге каршы «өлүмчүл кол салуулар» болгонун белгиледи.

Филиппо Гранди бул тууралуу Х социалдык медиа платформасынан берген билдирүүсүндө Фашир шаарында «жарандарга карата өлүмчүл  кол салуулар, этникалык бутага алуу тууралуу үрөй учурган билдирүүлөр жана көзөмөлдөө жерлеринен кача албай турганчалык коркок адамдар экендигин» белгиледи.  

Суданда  30 жылдан ашуун созулган Өмер ел  Бешир бийлигинин элдик көтөрүлүш менен кулашынан кийин жарандардын катышуусу менен түзүлгөн өкмөткө каршы биргелеше сокку урган армия жана Ылдам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы күрөш 1 жылдан ашуун убакыттан бери улантылууда.

2023-жылы апрель айынын орто ченинде башталган жана Судандын көпчүлүк штаттарында уланып жаткан согушта армия түндүк жана чыгыш штаттардагы үстөмдүгүн сактап, Ыкчам колдоо күчтөрү батыш жана түштүк штаттарда таасирдүү көрүнүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдөгү эң чоң жер которуу болгон Судандагы кагылышуулардын натыйжасында 16 миңден ашуун адам каза болуп, болжол менен 8,7 миллион адам жер которгон жана 25 миллиондон ашуун адам гуманитардык жардамга муктаж.

 



Тектеш кабарлар