Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду

Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.

2138725
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду

Индонезиянын Батыш Суматра провинциясында сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 41ге жетти.

Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттиктин басма сөз катчысы Абдул Мухари, селдин 200гө жакын үйдү суу астында калтырганын жана кээ бир имараттардын олуттуу зыянга учураганын билдирди.

Батыш Суматранын апааттын кесепеттерин жоюу агенттигинин төрагасы Илхам Вахаб да издөө-куткаруу кызматкерлеринин аймакта көп сандаган жансыз денени табышканын жана каза болгондордун санынын 41ге жеткенин кабарлады.

Дайынсыз жоголгон 17 киши үчүн издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын белгилеген Вахаб, жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгонун маалымдады.

Мерапи жанар тоосунун атылышынын натыйжасында үйүлгөн таш, күл жана топурак муссон жамгырларынан улам жер көчкү жана селге себеп болуп адам өмүрүн алган.



Тектеш кабарлар