Израиль Рефахтагы лагерди бомбалады: 40 адам өлдү

Бул тууралуу Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматы жана Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары берилди.

2144681
Израиль Рефахтагы лагерди бомбалады: 40 адам өлдү

Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги Рефах шаарында жер которгон палестиналыктардын чатырларына кол салуусунан алгачкы эсептөөлөргө караганда 40 палестиналык каза болду.

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израилдин согуштук учактары Рефахтын түндүк-батышында, Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана иш жүргүзүү агенттигинин (UNRWA) кампалары жайгашкан аймакка жакын жерде жашаган жер которгон палестиналыктардын чатырларын бомбалады.

Алгачкы эсептөөлөргө караганда, кол салууда 40 палестиналык набыт болду.

Палестина Кызылайынын билдирүүсүндө, медициналык топтордун арасында аялдар жана балдар да болгон көп сандаган палестиналыктын сөөгүн жана жаралууларды ооруканаларга алып барганы белгиленди.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта : «Израиль согуштук учактарынын Рефах шаарынын түндүк батышындагы жер которгон палестиналыктардын лагерин ырайымсыз бомбалоосунун натыйжасында көптөгөн палестиналык каза болду жана жараланды. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уланууда»,-деп айтылды.

Окуяга күбө болгондор да: «Израиль армиясынын бомбалоосу лагердеги көптөгөн чатырлардын талкаланышына жана өрттөлүшүнө себеп болду.Бул лагерь миңдеген жер которгон палестиналык жашаган Рефах шаарында Израиль армиясынын эвакуацияланышын каалаган аймакта жайгашкан эмес»,-деп айтышты.

Күбөлөрдүн айтымында, Израилдин согуштук учактары лагерге кеминде 8 ракета менен кол салган.

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларынан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 66 кишиге көбөйүп, 36 миң 50гө, жаракат алгандардын саны 383кө өсүп 81 миң 26га жетти. .



Тектеш кабарлар