Шольц Украинанын Орусия аймагындагы буталарды аткылоо үчүн батыштык куралдарды колдонуусуна каршы

Премьер-министр Шольц, Украинага берилген немис куралдарын колдонуунун кеңейиши үчүн азырынча эч кандай себеп көрбөгөнүн белгилеп, курал-жарак жеткирүү боюнча бул өлкө менен макулдашылганын жана азыртан иштеп жаткан так эрежелер бар экенин эске салды.

2144545
Шольц Украинанын Орусия аймагындагы буталарды аткылоо үчүн батыштык куралдарды колдонуусуна каршы

Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Орусия аймагындагы буталарды аткылоо үчүн батыштык куралдарды колдонуусуна каршы экенин билдирди.

Премьер-министр Шольц, Украинага берилген немис куралдарын колдонуунун кеңейиши үчүн азырынча эч кандай себеп көрбөгөнүн белгилеп, курал-жарак жеткирүү боюнча бул өлкө менен макулдашылганын жана азыртан иштеп жаткан так эрежелер бар экенин эске салды.

Шольц Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн батышта жасалган курал-жарактар менен Орусиянын аймагындагы буталарды атуусуна каршы экенин айтты.

Канцлер Берлиндин Киевге карата саясатынын максаты жаңжалдын (2022-жылдан бери Орусия менен уланып келе жаткан) дүйнөлүк согушка айланып кетишине жол бербөө экенин кошумчалады.

Орусия буга чейин Киевге курал-жарак жеткирүү боюнча НАТО өлкөлөрүнө нота жиберип, альянс өлкөлөрү «от менен ойноп жатат» деп билдирген.



Тектеш кабарлар