Сауд Арабиядан Сирияга элчи

Сауд Арабия 2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталгандан 1 жылдай кийин Дамасктагы элчилигин жапкан.

2144410
Сауд Арабиядан Сирияга элчи

Сауд Арабия 12 жылдан кийин Сириянын борбору Дамаскка элчи дайындады.

Сауд Арабиянын SPA кабар агенттигинин маалыматына караганда, Файсал бин Сауд аль-Мижфил Дамаскка элчи болуп дайындалды. 

Ушундайча Микфил, Сирия менен Сауд Арабиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 12 жылдык үзгүлтүктөн кийин кайрадан калыбына келтирилгенден кийин Дамаскка дайындалган алгачкы элчи болду.

Сауд Арабия 2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталгандан 1 жылдай кийин Дамасктагы элчилигин жапкан.

Дамаск бийлигинин 2023-жылдын 7-майында Араб Лигасына кайтуу чечиминен кийин 2023-жылы 9-майда Сауд Арабия менен Сирия дипломатиялык карым-катнаштарынын кайрадан түзүлгөнүн жарыялашкан.

Сирия өкмөтү да 11 жылдан кийин 6-декабрда Сауд Арабияга элчисин дайындаган.



Тектеш кабарлар