Газанын түндүгүнө гуманитардык жардам керек

Газанын түндүгүндө акыркы 48 саатта миңдеген адамдар үчүн маанилүү азык-түлүк жардамынын коопсуз кирүүсү камсыздалбагандыктан токтотулганы белгиленди.

2120056
Газанын түндүгүнө гуманитардык жардам керек

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) акыркы 48 саатта Газанын түндүгүнө азык-түлүк жардамынын берилбегенин жана гуманитардык жардамга муктаждыктын эч качан мынчалык чукул болбогонун кабарлады.

OCHA X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Газанын түндүгүндө акыркы 48 саатта миңдеген адамдар үчүн маанилүү азык-түлүк жардамынын коопсуз кирүүсү камсыздалбагандыктан токтотулганын маалымдады. 

Газада ачарчылык күчөгөн сайын үй-бүлөлөрдүн жашоо үчүн тандоо жасоого мажбур болгонун баса белгилеген OCHA билдирүүсүндө: «(Газанын түндүгүндө) Коопсуз, тоскоолдуксуз гуманитардык жардамга муктаждык эч качан мынчалык чукул болгон эмес»,-деген сөздөр камтылды.


Этикеткалар: #Газада ачарчылык

Тектеш кабарлар