Таиланддагы фабрикада жарылуу: 22 киши каза болду
Супхан Бури шаарындагы фейерверк фабрикасында жарылуу болгондугу белгиленди.
2090210
Таиландда бир фейерверк фабрикасында болгон жарылуудан 22 жумушчу каза тапты.
Издөө-куткаруу топторунун билдирүүсүндө, Супхан Бури шаарындагы фейерверк фабрикасында жарылуу болгондугу белгиленди.
"Bangkok Post" гезитинин кабарына караганда, жетекчилер жарылуудан 22 жумушчунун каза болгонун маалымдашты.
Бул фабриканын мыйзам ченемдерине ылайыктуулугунун иликтенгенин айткан жетекчилер, жарылуунун шалаакылыктан улам болушу ыктымалдыгынын да каралып жатканын кабарлашты.
Социалдык тармактардагы билдирүүлөрдө фабриканын жараксыз абалга келгени байкалды.
Ушул эле фабрикада 2022-жылдын ноябрь айында да жарылуу болуп, бир адам каза тапкан.