Гебреисус билдирүү жасады

Бүгүн Израилдин Газага кол салууларынын 100-күнү.

2088612
Гебреисус билдирүү жасады

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус Израилдин Газага кол салууларынын 100-күнүн “трагедия” деп мүнөздөп, ок атышпоо талабын дагы бир жолу кайталады.

Гебреисус Х социалдык медиа платформасынан, Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу билдирүү жасады.

«Бүгүн трагедиянын 100-күнү» деген Гебреисус, Израилдин кол салууларынан кийин Газада «чоң гуманитардык кризис» болгонун баса белгиледи.

Ооруканаларга карай 300дөн ашуун кол салуудан жана критикалык жардамдарга коопсуз жетүүгө тоскоолдуктардан улам Газадагы ооруканалардын көбүнүн иштебей калганына көңүл бурган Гебреисус: «Оорулар барган сайын таза сууга жетпеген калктын арасында жайылып жатат»,-деп айтты.

«Газадагы адамдар тозокто жашап жатышат»,-деген Гебреисус ок атышууну токтотуу чакырыгын кайталады.

Бириккен Улуттар Уюму менен ДССУнун Газага керектүү жардамды көрсөтүүсүнө тынымсыз тоскоолдук жаралганын баса белгилеген Гебреисус, израилдик туткундардын да бошотулушу чакырыгын салды.



Тектеш кабарлар