Грецияда түрктөргө виза жеңилдиги

Кирякос Мицотакис Грециянын мамлекеттик телеканалы ERTге маалымат берип, күн тартипке байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

2087190
Грецияда түрктөргө виза жеңилдиги

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис аралдарда түрк туристтерге виза жеңилдигинин март айында баштала турганын айтты.

Кирякос Мицотакис Грециянын мамлекеттик телеканалы ERTге маалымат берип, күн тартипке байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Түркия менен Грециянын ортосундагы карым-катнаштардын акыркы мезгилде нормалдашканын баса белгилеген Мицотакис, түрк туристтерге 10 аралга кирүүдө виза жеңилдигин камсыздай турган режимдин март айынан тарта баштала турганын маалымдады.

Мицотакис: «10 аралда келишимден жаз жана жай бою пайда көрүлөт жана бул келишимдин туруктуу болооруна ишенем»,-деди.

Түркия менен Грециянын ортосундагы сооданы арттыруу үчүн диалогдун өнүктүрүлгөнүн белгилеген Мицотакис, эки өлкөнүн ортосундагы мыйзамсыз миграция темасында да кызматташтыктын жакшырганын айтты.



Тектеш кабарлар