Кубанын лидери Канел Израилге каршылык көрсөттү

Канел социалдык медиа баракчасы X аркылуу Израилдин кол салууларынан кыйраган Газанын фотосүрөтүн бөлүштү.

2082068
Кубанын лидери Канел Израилге каршылык көрсөттү

Кубанын президенти Мигель Диас Канел, Израилдин Газада уланып жаткан кол салууларына байланыштуу: «Израилдин палестин элине кылган мыкаачылыгы токтошу керек»,-деди.

Канел социалдык медиа баракчасы X аркылуу Израилдин кол салууларынан кыйраган Газанын фотосүрөтүн бөлүштү.

Кубанын президенти Канел бөлүшүүсүндө: «Израилдин Палестина элине кылып жаткан жапайычылык токтошу керек. Бул адамзат үчүн уят күн жана эл аралык укук жагынан олуттуу жараат» деп сереп салды.

Канел 26-декабрдагы билдирүүсүндө, Израилдин Газада уланып жаткан кол салууларына "катуу" реакция кылып: «Куба Палестина үчүн үнүн ар дайым бийик көтөрөт жана болуп жаткан окуяларга эч качан кайдыгер калбайт»,- деген болчу.

Ошол эле учурда Израилдин Газага кол салуулары башталган күндөн бери Палестина калкына колдоо көрсөтүүнү уланткан Колумбиянын президенти Густаво Петро да социалдык медиа баракчасынан Газа фотосүрөттөрүнө шилтеме кылып учурдагы абалга көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар