Хамас Израилдин кол салуулары токтомоюнча сүйлөшүү болбой турганын билдирди

Билдирүүдө Хамастын позициясын бардык ортомчуларга жеткиргени айтылды.

2077423
Хамас Израилдин кол салуулары токтомоюнча сүйлөшүү болбой турганын билдирди

Хамас Израилдин блокададагы Газа тилкесине кол салуулары толугу менен токтомоюнча туткундарды алмаштыруу боюнча эч кандай сүйлөшүү процессине кирбей турганын билдирди.

Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Хамас элибизге каршы кол салуулар толугу менен токтомоюнча туткун алмашуу боюнча эч кандай сүйлөшүү процессин ачпай турган позициясын ырастайт»,деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө Хамастын позициясын бардык ортомчуларга жеткиргени айтылды.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN Тель-Авив администрациясы блокададагы Газа тилкесинде кармалган израилдик туткундарды бошотуу боюнча жаңы сунуштун үстүндө иштеп жатканын билдирген.



Тектеш кабарлар