Пакистанда жер титиреди
Жер титирөө жердин 60 километр тереңдигинде катталды.
2072388
![Пакистанда жер титиреди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2947/e701/1111/654353e7cec9a.jpg?time=1719216618)
Пакистандын Белужистан провинциясында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Пакистандын Улуттук сейсмикалык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, Белужистан провинциясынан 160 чакырым түштүк-батышта болгон жер титирөө жердин 60 километр тереңдигинде катталды.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.19да болгон 5,5 баллдык жер титирөөнүн адам өмүрүнө же материалдык чыгымга алып келгендиги тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.