Дагестанда кол салуу болду

Россиянын Дагестан аймагында болгон куралдуу кол салууларда бир полиция пункту, синагога жана эки чиркөө бутага алынып, 15 полиция менен  1 дин кызматкери жана  көп сандаган жаран каза болуп,  6 кол салуучу жок кылынды.

2155133
Дагестанда  кол салуу болду

Россиянын Дагестан аймагында болгон куралдуу кол салууларда бир полиция пункту, синагога жана эки чиркөө бутага алынып, 15 полиция менен  1 дин кызматкери жана  көп сандаган жаран каза болуп,  6 кол салуучу жок кылынды. 

Дагестан автономиялуу республикасынын президенти Сергей Меликов Телеграм каналынан кол салуулар тууралуу маалымат берди. 

Окуянын "террордук кол салуу" экендигин белгилеген Меликов : "Мунун артында кимдин турганын жана бул кол салууларды уюштургандардын эмнени максат кылгандарын билебиз. Согуш үйүбүзгө чейин келди",- деди. 

Дагестан полициясынын кол салууларды уюштургандарга каршылык көрсөткөнүн белгилеген Меликов : "Бул террордук кол салууда 15тен ашуун полиция набыт болду. Набыт болгондордун  арасында бир дин кызматкери да болгон бир нече жаран бар. Кол салган 6 киши жок кылынды",- деп билдирди. 

Россиянын Териштирүү комитетинен берилген маалыматта да кол салууларга террордук кол салуу катары каралгандыгы жана окуя тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгы айтылды. 

Россиянын ички иштер министрлигинен кечээ берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркия убактысы боюнча саат  18:00 чамаларында ким экени белгисиз куралдуу кишилердин Махачкалада бир полиция пунктуна жана Дербенттеги эки чиркөө менен бир синагогага кол салгандары белгиленген. 

 



Тектеш кабарлар