Израилдин түрмөлөрүндө дагы 60 палестиналык аял бар

Туткундар коомунун басма сөз катчысы Эмани Серахине, Израиль түрмөлөрүндөгү аял туткундар тууралуу маалымат берди.

2069841
Израилдин түрмөлөрүндө дагы 60 палестиналык аял бар

Палестинанын туткундар коому, Израилдин түрмөлөрүндө дагы 60 палестиналык аялдын бар экенин билдирди.

Туткундар коомунун басма сөз катчысы Эмани Серахине, Израиль түрмөлөрүндөгү аял туткундар тууралуу маалымат берди.

Серахине учурда Израилдин абактарында палестиналык 60 аялдын бар экенин, алардын 56сынын 7-октябрдан кийин кармалганын айтты.

Эмани Серахине, Хамас менен Израилдин ортосундагы туткун алмашуу келишиминин негизинде ушул убакка чейин 33 аял туткундун бошотулганын белгиледи.

Хамас менен Израилдин ортосунда 24-ноябрда жетишилген туткун алмашуу келишиминин алкагында биринчи этапта 24 палестиналык туткун, экинчи этапта 6 аял туткун бошотулган.

Кечээ кечинде да Израилдин абактарынан 3ү аял 33 туткун эркин кое берилген. 



Тектеш кабарлар