Германияда суук кыш

Кобленц полиция башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Рейнланд - Пфальц штатында эки унаанын кагылышынан 54 жаштагы аял каза болуп, 69 жаштагы бир адам оор жаракат алды.

2069818
Германияда суук кыш

Германияда суук жана кардан улам бир адам каза болду.

Электр жарыгы үзгүлтүккө учураган өлкөдө көптөгөн жол кырсыктары болуп, муз тоңуп, унаалар тыгынга учурады.

Кобленц полиция башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Рейнланд - Пфальц штатында эки унаанын кагылышынан 54 жаштагы аял каза болуп, 69 жаштагы бир адам оор жаракат алды.

Вестессен полиция башкармалыгынан жасалган билдирүүдө автожолдордогу муздан улам көптөгөн жол кырсыгынын болгондугу, Висбаден менен Наурод шаарларынын ортосунда 3 километрге созулган унаа кезегинин пайда болгондугу маалымдалды.  

Висбаден өрт өчүрүү кызматы тарабынан жасалган билдирүүгө караганда, аймактагы көптөгөн көчө жана жолдор транспортко жабылды, Гесслох жана Клоппенхайм райондорунда электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.

Рейнгау-Таунус-Крейс аймагынын өрт өчүрүү кызматынын башчысы Майкл Эресманн Германиянын DPA маалымат агенттигине берген маалыматында өрт өчүрүүчүлөрдүн күн бою нөөмөттө болгонун белгилеп, Кидрих жана Хаузен вор дер шаарларынын ортосундагы трассада болжол менен 30 унаанын тыгылып калганын белгиледи.

Германиянын метеорология бюросу (DWD) кардын жакынкы күндөрдө дагы уланарын, өзгөчө өлкөнүн ортоңку бөлүктөрүнөн   чыгышка карай жылышы  бюнча эскертти. 

 



Тектеш кабарлар