Байден : "Гуманитардык тыныгууну узартуу ыктымалы бар"

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууда 4 күндүк тыныгууну  узартуу ыктымалынын  бар экенин билдирди.

2068725

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Байден АКШнын Массачусетс штатында өткөргөн маалымат жыйынында Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууга гуманитардык тыныгуу алып келген элдешүүгө байланыштуу билдирүү жасады.

Байден журналисттердин гуманитардык тыныгуунун мөөнөтүн узартуу тууралуу суроосуна : «Мындай ыктымал бар», - деп жооп берди.

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларда 4 күндүк гуманитардык тыныгуу тууралуу келишим кечээ (24-ноябрь) жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө күчүнө кирди.

Кечээ кечинде Хамас 13 израилдик туткунду, Израил болсо 24 аял жана 15 бала болгон 39 палестиналыкты Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы Офер түрмөсүнөн бошоткон.

Келишимдин негизинде Хамастын колундагы 50 израилдик туткунга Израиль түрмөлөрүндөгү 150 палестиналыкты алмаштырылат. 

Бошотула турган туткундар эки тарапта тең балдар жана аялдардан турат. 

Тектеш кабарлар