Россия Арменияга нота жиберди

Россиянын тышкы иштер министрлиги акыркы мезгилде «достук эмес» кадамдарды таштады деген негиз менен Арменияга нота жиберди.

2035124
Россия Арменияга нота жиберди

Россиянын тышкы иштер министрлиги акыркы мезгилде «достук эмес» кадамдарды таштады деген негиз менен Арменияга нота жиберди.

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта армян «саясий элиталардын» акыркы мезгилде Россия менен болгон эки тараптуу карым - катнаштар жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) карым - катнаштарына шек келтиргендиги белгиленди.

Армениянын Азербайжан менен карым  - катнаштарынын калыбына келишине карата Россия менен түзүлгөн үч тараптуу келишимдердин жарактуулугунан да күмөн саналып жаткандыгы билдирилип, төмөнкү сөздөргө орун берилди : «Ушунун негизинде Армения администрациясы Эл аралык Кылмыш Сотунун Рим статусун бекитүү процессинин баштатылышы, Армениянын премьер  - министринин жубайы Анна Хакбояндын Киевдеги нацисттик режимге гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Киевге барышы жана АКШнын катышуусу менен Армения жерлеринде аскердик машыгуулардын өткөрүлүшү тууралууу акыркы күндөрдө бир топ достук эмес кадамдарды таштаган».

Билдирүүдө Армениянын Москвадагы элчиси Вагаршак Арутюняндын ушул себептерден  Россиянын тышкы иштер министрлигине чакырылгандыгы маалымдалып, Москванын Россия менен Армениянын союздаш катары калары жана эки тараптуу келишимдердин толугу менен ишке ашырылат деп болжолдолгондугу баса белгиленди.



Тектеш кабарлар