АКШ Израилди отурукташуучулардын зомбулугун жоюуга чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министри Ллойд Остин Израилдин коргоо министри Галлант менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2016221
АКШ Израилди отурукташуучулардын зомбулугун жоюуга чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министри Ллойд Остин Израилдик кесиптеши Йоав Галлантты «экстремисттик отурукташкандардын палестиналык жарандарга карата зордук-зомбулуктарын жоюуга жана Израилдин Коргоо министрлигинин Батыш Шериадагы палестиналыктардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу аракеттерин улантууга» үндөдү.

Остин Израилдин коргоо министри Галлант менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Пентагондон берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Израиль жана Палестина лидерлеринин Батыш Шериада ырааттуулукту калыбына келтирүү үчүн маанилүү кадамдарды таштоосу зарыл экенине тынчсыздануусун билдирди.

Билдирүүдө, Остин Палестинанын лидерлерин зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн жигердүү кадамдарга барууга, Израилдин министри Галлантты да палестиналык жайкын тургундарга каршы экстремисттик отурукташуучулардын зомбулуктарын чечүүгө жана Израилдин Коргоо министрлигинин Батыш Шериада палестиналыктардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча аракеттерин улантууга үндөгөнү айтылат.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Остин АКШнын Израилдин коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттенмеси чечкиндүү жана кыйшаюусуз экенин, Америка Кошмо Штаттары аскердик кызматташтыкты тереңдетүүчү демилгелерге басым жасап жатканын ырастаганын билдирди.

Билдирүүдө эки министр ошондой эле регионалдык коопсуздукка жана туруктуулукка Иран колдогон коркунучтарды талкуулады жана бул коркунучтарга каршы биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышканы белгиленген.



Тектеш кабарлар