Грецияда өрт өчүрүүчү учак кулап түштү
Грек басма сөзүндө орун алган кабарга караганда өрт өчүрүү иштерине катышкан Canadair CL-215 үлгүсүндөгү учак кулап түшкөн.
2015946
![Грецияда өрт өчүрүүчү учак кулап түштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e3c2/1ea6/dcca/64bfc85c4a161.jpg?time=1719035323)
Өрт өчүрүү иштерине катышкан учактын Грециянын борбор шаары Афинадан 200 чакырымдай алыстыктагы Каристо аймагына кулаганы билдирилди.
Грек басма сөзүндө орун алган кабарга караганда өрт өчүрүү иштерине катышкан Canadair CL-215 үлгүсүндөгү учак Каристо аймагындагы Платанистос айылына жакын жерде кулаган.
Эки учкучу бар учактын Грецияга таандык экени айтылды.
Аймакта издөө-куткаруу иштеринин башталганы белгиленди.