Дания Куранга кол салууну айыптады

Бул тууралуу Даниянын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө ору алды.

2014852
Дания Куранга кол салууну айыптады

Дания Курани Каримдин өрттөлүшүн айыптаганын жарыялады.

Даниянын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,"Дания өкмөтү Курани Каримдин өрттөлүшүн айыптайт. Ыйык тексттерди жана башка диний символдорду өрттөө башкалардын динин сыйлабаган уят иш",деген билдирүүлөр камтылган.

Билдирүүдө Курани Каримдин өрттөлүшү көптөгөн адамдарды капа кылган, түрдүү диндер менен маданияттар арасында басмырлоого себеп болгон провокациялык иш экени белгиленип,"Дания дин тутуу эркиндигинен пайдаланат жана Даниянын көптөгөн жарандары мусулмандар. Алар Дания калкынын баалуу бөлүгү»,-деп баа берилди.

Билдирүүдө Даниянын сөз жана чогулуу эркиндигине урмат-сый көрсөтүлүшү керектиги баса белгиленип, нааразылык акциясын өткөрүү укугунун колдоого алынганы, бирок анын тынч улануусу керектиги белгиленди.

Исламга каршы жана ашынган улутчул Даниядагы маргиналдуу топтун мүчөлөрү кечээ Ирактын Копенгагендеги элчилигинин алдында Куранды өрттөштү.

Исламга каршы баннер ачып, Исламга акаарат келтирген ураандарды чакырган топтун мүчөлөрү Ирак желегин жана Куранды жерге ыргытып, басышты.

Danske Patrioter деп аталган маргиналдык топ мурда Копенгагендеги Түркия элчилигинин алдында түрк желегин жана Куранга кол салуу менен Исламга акаарат келтирген болчу.



Тектеш кабарлар