Кытай АКШны күнөөлөдү

Кытай АКШны Тайванга 440 миллион долларлык аскердик каражат сатуу келишиминен улам айыптады.

2007462
Кытай АКШны күнөөлөдү

Кытай АКШны Тайванга 440 миллион долларлык аскердик каражат сатуу келишиминен улам айыптады. 

Кытайдын коргоо министрлигинин катчысы Тан Кыфей АКШнын Кытайдын негизги тынчсызданууларын көрбөстүккө салгандыгын, ички иштерине кийлигишкендигин жана Тайвань кысыгында атайын чыңалууну  күчөтүп жаткандыгын айтты. 

Кыфей : "Бул кадам Тайванды көкүтүү жана тайвандыктарды апааттын туңгуюгуна жетелөө менен барабар",- деди. 

Көз карандысыздык үчүн күч колдонуунун ийгиликсиздикке алып келерин айткан Кыфей, Кытай Элдик боштондук армиясынын ар дайым даяр экенин жана Тайвань кысыгында тынчтык менен туруктуулукту  сактай тургандыгын белгиледи.

АКШ башкаруусу 30 - июнда Кытай менен эгемендүүлүк боюнча келишпестик  ичиндеги  Тайванга болжол менен 440 миллион долларлык  ок - дары жана логистикалык колдоо көрсөтө тургандыгын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар