БУУдан Орусияга чакырык

БУУнун Украинадагы гуманитардык координатору Денис Браун маалымат берди.

2001240
БУУдан Орусияга чакырык

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Орусияны Каховка дамбасынын урашынан кийин керектүү гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн көзөмөлүндөгү аймактарга кирүүгө уруксат берүүгө чакырды.

БУУнун Украинадагы гуманитардык координатору Денис Браун, 6-июнда Украинадагы Каховка суу сактагычынын дамбасынын кыйрашынан кийин гуманитардык жардамдын эффективдүү жеткирилиши үчүн Украина жана Орусия өкмөттөрү менен кызматташкандарын белгиледи.

"Орусия Федерациясынын өкмөтү азыркыга чейин убактылуу аскерий көзөмөлүндөгү аймактарга кирүү өтүнүчүбүздү четке кагып келет" деген Браун БУУнун зарыл болгон кирүү аракеттерин көрөрүн билдирди.

Браун: "Биз орус бийлигин эл аралык гуманитардык укуктун алкагындагы өз милдеттерине ылайык иш-аракет кылууга чакырабыз», - деди.



Тектеш кабарлар