Жөөттөр палестиналыктарга таандык зайтун дарактарын кыйып салышты

Фанатик жөөт тургундары Аль-Акса мечитине да тинтүү жүргүзүштү.

1981174
Жөөттөр палестиналыктарга таандык зайтун дарактарын кыйып салышты

Израиль полициясынын коштоосунда, экс-депутат жана экстремисттик раввин Йехуда Глик жетектеген фанатик жөөт тургундары Аль-Акса мечитине тинтүү жүргүзүштү.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAда жарыяланган кабарга караганда, ондогон фанат жөөт тургундары, басып алынган Чыгыш Кудстун Эски шаарында Месжид-и Аксанын короосун айланып Талмуд сыйынуусун аткарышты.

Кабарда Израиль полициясынын да ошол убакта Месжид-и Аксага кирген палестиналыктарды тинтип, өздүктөрүн текшергендиги маалымдалды.

Жөөт тургундары басып алынган Батыш Шериадагы Наблус шаарында да палестиналыктарга таандык 155 зайтун дарагын кыйышты.

Оккупацияланган Палестина аймактарында жашаган жөөттөр Батыш Шериада палестиналык дыйкандардын негизги киреше булагы болгон зайтун дарактарын тез-тез кыйып же өрттөшөт.

Израиль 1967-жылы басып алган Батыш Шериада 250дөн ашык мыйзамсыз жөөт конуштары бар. Бул жерлерде жашаган 450 миңге жакын жөөт тургундары Батыш Шериада оккупация астында жашаган палестиналыктардын жашоосун ого бетер кыйындатууда.



Тектеш кабарлар