Египеттин Орусияга ракета жөнөтүү планы

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады.

1973264
Египеттин Орусияга ракета жөнөтүү планы

Орусия Президентинин (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Египеттин Орусияга ракета жөнөтүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтардын жалган экенин айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады.

«Вашингтон пост» гезитинин Египеттин Орусияга ракета жиберүүнү пландап жатканы жөнүндөгү кабарына баа берген Песков: «Бул кайталанган фейк жаңылыктар сыяктуу. Мындай жаңылыктарга ушундай баа берүү керек»,- деди.

Песков, Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Орусия менен Япониянын ортосунда талаш-тартыштарды жараткан Курил аралдары тууралуу суроого жооп берип жатып: «Курил аралдары Орусия Федерациясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат»,- деди.



Тектеш кабарлар