Францияда пенсия реформасы кабыл алынды

Пенсия жашын акырындап 64кө көтөрүүнү көздөгөн реформа боюнча мыйзам долбоорунун акыркы тексти Сенатта экинчи ирет талкууланды.

1960838
Францияда пенсия реформасы кабыл алынды

Францияда мазмуну 10-январда жарыялангандан бери массалык иш таштоолорду жана нааразылыктарды жараткан талаштуу пенсия реформасы Сенатта кабыл алынды.

Пенсия жашын акырындап 64кө көтөрүүнү көздөгөн реформа боюнча мыйзам долбоорунун акыркы тексти Сенатта экинчи ирет талкууланды.

Пенсиялык реформа боюнча мыйзам долбоору Сенатта 193 макул 114 каршы добуш менен кабыл алынды. 38 сенатор калыс калды.

Мыйзам долбоору парламенттин экинчи канаты болгон Улуттук Парламентте жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.00дө талкууланат.

Франциянын премьер-министри Элизабет Борне 10-январда президент Эммануэль Макрондун шайлоо алдындагы убадаларынын арасында болгон пенсия реформасынын ишке ашарын билдирген.

Пенсия курагы 62 болгон өлкөдө 1-сентябрдан тарта мыйзамдуу пенсия жашынын жыл сайын 3 айга акырындап көбөйтүлүп, 2030-жылы 64кө көтөрүлөрүн белгилеген Борне, 2027-жылы пенсияны толук алуу максатында киргизилген 43 жылдык төлөм талабы болоорун айткан.

19-январдан бери өлкө боюнча талаштуу реформага каршы бир нече иш таштоо жана нааразылык акциялары өтүп жатат.



Тектеш кабарлар