Газа өкмөтү Газа тилкесинде «ачарчылык кайрадан боло баштаары» боюнча эскертти
Бул тууралуу Газа өкмөтүнүн басма сөз кеңсесинин билдирүүсүндө маалымат орун алды.
![Газа өкмөтү Газа тилкесинде «ачарчылык кайрадан боло баштаары» боюнча эскертти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1ad1/532c/f621/665423a70e414.jpg?time=1722042817)
Газа өкмөтү Израилдин чек ара дарбазаларын жаап, гуманитардык жардамдын киришине тоскоол болушунун натыйжасында Газа шаарында жана Газа тилкесинин түндүгүндө «ачарчылык кайрадан боло баштаары» боюнча эскертти.
Газа өкмөтүнүн басма сөз кеңсесинин билдирүүсүндө, Израиль армиясынын «Рефах чек ара дарбазасын басып алууну улантып, жардам жүк ташуучу унаалардын кирүүсүн болтурбоо жана «Керм Абу Салим» чек ара дарбазасы аркылуу жардам жүк ташуучу унаалардын кирүүсүнө бөгөт коюуну улантуусунун себебинен Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис тереңдегени белгиленди.
Израилдин Газа тилкесин бүтүндөй блокадага алганы белгиленген билдирүүдө, «Ачарчылык Газа шаарын жана Газа тилкесинин түндүгүн коркунучка саууда, /…/», деп айтылат.
Билдирүүдө Израиль армиясынын Рефах чек ара капкасынан чыгууга чакырылышы жана чек ара дарбазаларынын Газа тилкесине жардам жеткирүү, азык-түлүк коопсуздугу кризисинин алдын алуу жана Газанын бардык аймактарын коркуткан ачарчылыктын алдын алуу үчүн эң ылайыктуу жана эффективдүү ыкма экени баса белгиленди.
Билдирүүдө эл аралык коомчулукту «гуманитардык жардамды Рефах жана Керм Абу Салим чек ара дарбазалары аркылуу алып келүү жана Бейт Ханун, аль-Шужайя жана аль-Минтар чек ара дарбазаларын кайра иштетүү үчүн Израилге кысым көрсөтүүгө» чакырык салынды.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722042818)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.