Зеленский аскер жетекчилери менен жолугушту
Бахмут шаары Донецк жана Луганск облустарынын ортосунда жайгашкан. Учурда Украинанын көзөмөлүндөгү аймак үчүн кагылышуулар уланууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн аскер жетекчилери менен Бахмуттагы жана катуу кагылышуулар уланып жаткан башка аймактардагы акыркы кырдаал тууралуу сүйлөштү.
Украинанын президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, «Оперативдүү жана стратегиялык аскердик топторунун командирлери Зеленскийге негизги фронттордогу кырдаал боюнча баяндама беришти. Бахмуттагы кырдаал толук каралып чыкты. Коргоо операциясын улантуу жана Бахмуттагы позицияларды мындан ары чыңдоо жөнүндө пикир алмашылды»,-деп айтылды.
Бахмут шаары Донецк жана Луганск облустарынын ортосунда жайгашкан. Учурда Украинанын көзөмөлүндөгү аймак үчүн кагылышуулар уланууда.
Украинанын Коргоо министрлигинен өткөн күндөрдө жасалган билдирүүдө орус аскерлеринин Бахмутту курчоого аракет кылганы белгиленди.
2022-жылдын 24-февралынан бери украин армиясына каршы согушуп жаткан орус аскерлери Бахмутту көзөмөлгө ала элек.
Тектеш кабарлар
Байден: «НАТО болуп көрбөгөндөй күчтүү»
Жо Байден АКШнын Вест Пойнт аскердик академиясынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.