Финляндия Украинага танк жөнөтөт

Финляндиянын Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1950723
Финляндия Украинага танк жөнөтөт

Финляндия Украинага "Leopard 2" тибиндеги үч танк жөнөтөт.

Финляндиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Киевге жөнөтүлө турган 13-коргоо өнүмү пакетинин 160 миллион долларлык экени белгиленди.

Билдирүүдө: «Leopard 2 танктарына байланыштуу эл аралык кызматташтыктын алкагында Финляндия, колдонуу жана тейлөө боюнча окутууларды да камтыган үч даана Leopard 2 негизги согуштук танктарын Украинага тапшырат»,-деп айтылды.

Бир тараптан Швециянын коргоо министри Пал Йонсон өлкөсүнүн расмий кабар агенттиги ТТге берген маалыматында, Орусия менен бир жылдан бери күрөшүп жаткан Украинага жаңы жардам пакетин жөнөтө тургандарын жарыялады.

Йонсон: «Биз Украинага кургактагы согушка жардам берүү үчүн 155 миллиметрдик өзү жүрүүчү гаубица-артиллериялык системаны жөнөтөбүз. Муну менен бирге Leopard 2 танктарын да жөнөтүшүбүз мүмкүн»,-деди.



Тектеш кабарлар