Иранда абанын булганышы

Абанын булганышынан 1 жылда болжол менен 21 миң киши каза болду.

1903755
Иранда абанын булганышы

Иранда абанын булганышы 1 жылда болжол менен 21 миң кишинин өлүмүнө себеп болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин климаттын өзгөрүшү боюнча башкармалыгынын башчысы доктор Аббас Шахсуни, өлкөсүндөгү абанын булганышынын бир жылда 20 миң 800 адамдын өмүрүн алганын айтты.

Etemadonline кабар сайтынын кабарына караганда, Шахсуни Иранда абанын булганышынан пайда болгон көйгөйлөр тууралуу маалымат берди.

Өткөн жылы 27 шаарда абанын булганышына байланыштуу оорулардан 20 миң 800 кишинин каза болгонун белгилеген Шахсуни, бул сандын борбор шаар Тегеранда 6 миң 400ге жеткенин маалымдады.

Өткөн жылы да ушундай эле себептерден каза болгондордун саны өлкө боюнча 41 миң 700, борбордо 3 миң 751 киши деп кабарланган.

Тегеранда абанын булганышына шаардын аба циркуляциясына жараксыздыгы, калктын жыштыгы, эски үлгүдөгү унаалар жана көп колдонулган мотоциклдерден чыккан газдар себеп болгону айтылууда.



Тектеш кабарлар