Кроу Түркияны мактады

Кроу күйөрмандарын Түркияга келүүгө үндөдү.

1871380
Кроу Түркияны мактады

Оскар сыйлыгын алган жаңы зеландиялык актёр, кинорежиссер жана музыкант Рассел Кроу күйөрмандарын Түркияга келүүгө үндөдү.

"Гладиатор" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына татыган Кроу, Түркияга чакырган Твиттер колдонуучусуна берген жообунда Түркия тууралуу жакшы сөздөрдү айтты.

Түркияны абдан жакшы көргөнүн белгилеген Кроу: «Кандай кызыктуу жана кооз өлкө, Түркияга мурда барбасаңыз, сөзсүз баруу планын түзүңүз»,-деди.

Белгилүү актёрдун бул билдирүүсү көптөгөн колдонуучулар тарабынан жактырылып, бөлүшүлдү.

Рассел Кроу Чанаккале согушун чагылдырган жана бүткүл дүйнөдө көрсөтүлгөн "The Water Diviner" тасмасын тартуу үчүн Түркияда бир топ убакыт болгон.

Түрк тилине "Акыркы үмүт" деп которулган тасмада Кроу, үч уулун Чанаккалеге жөнөткөн жана согуштан төрт жылдан кийин Түркияга уулдарын издөө үчүн келген австралиялык атанын ролун аткарган.



Тектеш кабарлар