Ак үйдүн жанына чагылган түштү

Окуяда 4 киши жаракат алды.

1864028
Ак үйдүн жанына чагылган түштү

АКШда Ак үйдүн жанына чагылган түшүп, 4 адам жаракат алды.

Борбор калаа Вашингтондо нөшөрлөгөн жамгыр уланып жатканда өрт өчүрүүчүлөр Ак үйдүн жанындагы Лафайетт паркына чагылган тийгенин, окуяда 4 кишинин жаракат алганын билдиришти.

Чукул жардам кызматкерлери сейил бактын бир бөлүгүн жабышты.

Абалдары орчундуу болгон жабыркагандар чөйрөдөгү ооруканаларга жеткирилди.



Тектеш кабарлар