Дүйнөлүк азык-түлүк кризиси

Жозеп Боррель Люксембургда өткөрүлгөн Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

1846071
Дүйнөлүк азык-түлүк кризиси

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Орусиянын атайылап глобалдык ачарчылыкты күчөтүп жатканын, ага болсо Евробиримдиктин санкциялары жооптуу деген түшүнүктү жайылтууга аракет кылганын айтты.

Жозеп Боррель Люксембургда өткөрүлгөн Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

Украинанын экспортуна бөгөт койгондун Евробиримдик эмес Орусия экенин баса белгилеген Боррель: «Портторго, азык-түлүк запастарына жана транспорттук инфраструктурага зыян келтирген биз эмес Орусия»,-деди.

Муну "Орусиянын дүйнөдө ачарчылык жаратууга жасаган аң-сезимдүү кадамы" деп сыпаттаган Боррель, Москва жетекчилигинин Евробиримдиктин санкциялары алардын иш-аракеттеринин кесепеттери үчүн жооптуу деген пропаганданы таратканын айтты.

Комиссиядан бул абалды Африка өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлерине жана бардык каржы жана экономикалык тараптарга түшүндүргөн кат жөнөтүүсүн суранганын белгилеген Боррель, катта азык-түлүк жана жер семирткичтердин ЕБнин санкция саясатына кирбегенин билдиргенин маалымдады.

Жогорку өкүл ошондой эле Сахел аймагындагы азык-түлүк коопсуздугун жоюу үчүн 1 миллиард евро убада кылышканын кабарлады.



Тектеш кабарлар