БУУ: "Украинада кеминде 2899 жайкын тургун каза болду"
Украинадагы качкындар кризисине байланыштуу маалыматтар бөлүшүлдү.
Орусия-Украина согушунда Украинада кеминде 2899 жаран каза болуп, 3235 жаран жаракат алды, 5 миллион 429 миң 739 киши коңшу өлкөлөргө кетти.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын билдирүүсүндө, Украинадагы качкындар кризисине байланыштуу маалыматтар бөлүшүлдү.
Буга ылайык 24-февралдан 28-апрелге чейин жарымынан көбү Польшага Украинадан 5 миллион 429 миң 739 киши коңшу өлкөлөргө кетти.
Польшага 2 миллион 992 миң 575, Румынияга 810 миң 21, Орусияга 656 миң 381, Венгрияга 513 миң 848, Молдовага 441 миң 437, Словакияга 367 миң 904 жана Беларусияга 25 миң 2 киши өттү. 18-23-февралда Донецк жана Луганск облустарынан Орусияга 105 миң адам кетти.
БУУ жалпы көрсөткүчтүн жогору болушу мүмкүн экенин билдирди.
БУУнун маалыматы боюнча, Украинанын ичинде жер которгон жарандардын саны 7,7 миллионго жетти.