Украинага оор куралдарды жөнөтүү сунушу Германия парламентинде кабыл алынды

Курал-жарактарды жеткирүү НАТОнун мүчөлөрү менен тыгыз кызматташтыкта ​​ишке ашырылат.

1819931
Украинага оор куралдарды жөнөтүү сунушу Германия парламентинде кабыл алынды

Германиянын Бундестагында Украинага оор куралдарды жөнөтүү сунушу кабыл алынды.

Өкмөттү түзгөн Социал-демократиялык партия (СПД), Жашылдар жана Эркин демократиялык партия (ФДП) тарабынан берилген сунушту Христиандык биримдик партиялары (CDU/CSU) да колдоду. Ашыкча оңчул Германия үчүн альтернатива партиясы жана Солчул партия сунушка каршы добуш беришти.

«Европадагы тынчтыкты жана эркиндикти коргойлу» деген сунуш 586 «макул», 100 «каршы» добуш менен кабыл алынып, 7 депутат калыс добушун берди. 

Бекитилген сунуш өкмөткө Украинага оор куралдарды жана түрдүү курал системаларын жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Бирок курал-жарактарды жеткирүү НАТОнун мүчөлөрү менен тыгыз кызматташтыкта ​​ишке ашырылат.

Сунушка "каршы" добушун берген Солчул партиянын парламенттик тобунун төрагасы Дитмар Бартч Украинага курал-жарак жеткирилишинин натыйжасында өзөктүк согуш коркунучу бар экенин эскертти.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул койгон болчу. 



Тектеш кабарлар