Сомалиде бомбалуу жардыруу болду

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, кол салуу борбор Могадишонун Банадир районунда аскердик унаа өтүп баратканда болгон.

1817762
Сомалиде бомбалуу жардыруу болду

Сомалиде бомбалуу жардыруу болуп, алгачкы маалыматтарга караганда 7 киши каза тапты.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, кол салуу борбор Могадишонун Банадир районунда аскердик унаа өтүп баратканда болгон.

Жолго төшөлгөн жарылуучу заттын жарылуусунан 7 адам каза болуп, 3 адам жаракат алганы бөлүшүлгөн.

Социалдык медиадагы сүрөттөрдө жардыруу учурунда аймактагы кээ бир дүкөндөрдүн зыянга учураганы байкалууда.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти террордук уюм Эш-Шабаб алганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар