БУУ Türkiyeге ыраазычылык билдирди

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс-брифингинде, Орусия-Украина согушунун соңуна чыгышына карата сүйлөшүүлөргө колдоо көрсөтүүнү улантышарын айтты.

1804771
БУУ  Türkiyeге ыраазычылык билдирди

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Türkiyeнин Украинада тынчтыкка жетишүү аракетинен улам ыраазычылыгын билдирди.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс-брифингинде, Орусия-Украина согушунун соңуна чыгышына карата сүйлөшүүлөргө колдоо көрсөтүүнү улантышарын жана сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушун үмүт кылгандарын айтты.

Басма сөз катчысы Дюжаррик, билдирүүлөр жана сөздөр ишке ашып курал-жарактардын үнү ​​тыйылат деген үмүтүн билдирди.

БУУнун маалыматына караганда, Орусиянын 24-февралда Украинага каршы баштаган согушунан кийин 4 миллион киши өлкөдөн чыгып кетсе, 6,5 миллион адам да өлкө ичинде жер которду.

13 миллион адамдын болсо кагылышуунун ортосунда калып, эч жакка чыга албай калганы айтылууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) маалыматына караганда, согуштан улам 2 миллион бала качкынга айланса, 2,5 миллиондон ашуун бала өлкө ичинде жер которду.



Тектеш кабарлар