Путин билдирүү жасады

Путин: "Биздин жоокерлер эч качан карапайым элге кол салышпайт"

1789492
Путин билдирүү жасады

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы орус аскерлеринин жарандарга кол салбаганын айтты.

Владимир Путин борбор шаар Москвада билдирүү жасады.

Орустар менен украиндердин бир улут экенин айткан Путин: "Орус аскерлери (Украинада) чыныгы баатырлардай мамиле кылып жатышат. Биздин жоокерлер эч качан карапайым элге кол салышпайт"-деди.

Коридорлордун украин улутчулдары тарабынан жабылганын белгилеген Путин : «Украина күчтөрү жарандарды калкан катары колдонууда",-деп айтты.

Орусиянын «атайын аскердик операциясынын» азыркы планына ылайык уланып жатканын белгилеген Путин, Батыш түзгөн оруска каршы оппозицияны жок кыла тургандарын айтты.

Орус лидер каза болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнөрүн убада кылып, жарадар болгон бардык орус аскерлеринин да компенсация алаарын билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар