Airbus Россияга карата запастык бөлүктөрүн жөнөтүүнү токтотту

Airbus, Москва администрациясына Украинага жасаган кол салуусунан улам   киргизилген санкциялардын алкагында Россияга запастык бөлүктөрүн жөнөтүүнү жана орус авиакомпанияларына колдоо көрсөтүүнү токтотконун жарыялады.

1788599
Airbus Россияга карата запастык бөлүктөрүн жөнөтүүнү токтотту

Борбору Европада жайгашкан Airbus, Украинага жасаган кол салуусунан улам Москва администрациясына  киргизилген санкциялардын алкагында Россияга запастык бөлүктөрүн жөнөтүүнү жана орус авиакомпанияларына колдоо көрсөтүүнү токтоткондугун жарыялады.

Airbusтан берилген билдирүүдө, Россиянын борбор шаары Москвадагы техникалык борбордун Батыштын санкциялары астында жергиликтүү кардарларга кызмат кыла алабы же жокпу, аны карап чыккандыгы белгиленди.

Airbus билдирүүсү Американын учак чыгаруучу фирмасы Boeingдин кечээ : «Россиянын Украинага кол салуусунан кийин ишке ашырылган санкциялардын глобалдык авиация секторунда туруксуздукка себеп болушунун таасири менен орус авиакомпанияларына тетиктерин, техникалык тейлөөсүн жана техникалык колдоосун, ошондой эле Москвадагы ири операцияларын токтотту",- деген билдирүүсүнөн кийин келди.  

Орус аскерлери 24 - февралда Украинага кол салган.



Тектеш кабарлар