Зеленский:«Украинага коопсуздуктун так, реалдуу кепилдиктери керек»

Зеленский борбор калаа Киевде Польшанын президенти Анджей Дуда жана Литванын президенти Гитанас Науседа менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

1783975
Зеленский:«Украинага коопсуздуктун так, реалдуу кепилдиктери керек»

Украинанын президенти Владимир Зеленский  өлкөсүнө Орусияга каршы коопсуздук кепилдиги керек экенин айтты.

Зеленский борбор калаа Киевде Польшанын президенти Анджей Дуда жана Литванын президенти Гитанас Науседа менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Будапешт меморандумунун иштебей калганы эч кимге жашыруун эмес экенин белгилеген Зеленский, анын өлкөсү коопсуздук биримдигинин мүчөсү эмес экенин эске салды.

Зеленский өнөктөштөрүнүн колдоосу менен өздөрүн коргой турганын айтып: «Бирок украиндер өлүп жатат, андыктан Украинага коопсуздуктун так, реалдуу кепилдиктери керек», - деди.

Өлкөсүнүн чек араларында 150 миң орус аскери болгондуктан кепилдик бере турган өлкөлөрдүн катарына Орусиянын да кириши керектигин белгилеген Зеленский: «Жашыруун эмес, мен Орусиянын президентине сүйлөшүү үстөлүнө отуруп сүйлөшүүнү көп жолу сурандым. Анткени кеп шарт коюу эмес, сүйлөшүү маселеси»,-деп айтты.

Дуда да ошондой эле «Орусиянын агрессиясы» коркунучу алдында Украинага колдоо көрсөтүү үчүн Киевге баргандарын белгилеп, Орусиянын президенти Владимир Путиндин кабыл алган чечимдеринин Украина үчүн гана эмес, бүткүл аймак үчүн коркунуч экенин белгиледи.

Европа Биримдиги жана башка мамлекеттердин Орусияга каршы санкция чечимдерин кубаттаганын билдирген Науседа болсо: «Олуттуу жана күчтүү жооп гана кризистин күчөшүн токтото алат»,-деп өз баасын берди.

Лидерлер ошондой эле Орусиянын жикчил деп аталган республикаларды таануу чечимин айыптаган биргелешкен билдирүү жасады.



Тектеш кабарлар