Венесуэланын мамлекет башчысы Мадуро Путинге колдоо көрсөттү

Мамлекеттик телекөрсөтүүгө маалымат берген Мадуро Россия калкы менен достуктун түбөлүккө  чейин улантыларын белгиледи.

1783330
Венесуэланын  мамлекет башчысы Мадуро Путинге колдоо көрсөттү

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинага байланыштуу билдирүүлөрүнө колдоо көрсөттү. 

Мамлекеттик телекөрсөтүүгө маалымат берген Мадуро Россия калкы менен достуктун түбөлүккө  чейин улантыларын белгилеп : "Венесуэла Путин менен Россияга болгон колдоосун көрсөтүүдө. Дүйнөнүн тайманбас жана адилетүү иштерин коргоо үчүн биз барган сайын дагы күчтүү союздаш болобуз",- деди. Мадуро "АКШ менен НАТОнун Россияны аскердик жол менен жок кылуу ниетинде экендигин" айтып, Россиянын аймакта тынчтыкты жактагандыгын белгиледи.

Мадуро өткөн аптада  Россиянын вице - премьер - министри Юрий Борисовду борбор шаар Каракаста кабыл алып : "Венесуэла  ар дайым Путин менен Россия менен  Россиянын эли менен”,-деп билдирген.

Россиянын  президенти Владимир Путин "Донецк Элдик Республикасы менен Луганск Эл Республикасынын көз карандысыздыгын" таануу тууралуу жарлыкка мурунку күнү кол койгон.

 



Тектеш кабарлар