Адеойе : «Жалданган чет элдик согушкерлер Африкадан кетсин»

Адеойе Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебада өткөрүлгөн AfB саммитинин алкагында басма сөзгө билдирүү жасады.

1774356
Адеойе : «Жалданган чет элдик согушкерлер Африкадан кетсин»

Африка Биримдигинин (AfB) саясий иштер, тынчтык жана коопсуздук боюнча комиссары Банкол Адеойе континентте аракеттенген чет элдик жалданма аскерлер Африкадан чыгып кетүүгө тийиш деп билдирди.

Адеойе Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебада өткөрүлгөн AfB саммитинин алкагында басма сөзгө билдирүү жасады.

Чет элдик согушкерлердин Африкада көнүмүш болуп калганына көңүл бурган Адеойе : «Жалданган чет элдик согушкерлер Африкадан кетсин»,-деди.

«Террор, зордук-зомбулук жана радикалдашуу биздин аймакта күч алууда. Биз бул балээлер менен күрөшүүбүз керек»,-деп айтты.

Саммитте кезектешкен төрагалык милдети Конго Демократиялык Республикасынан Сенегалга өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар