Чехия Украинага 4006 артиллериялык снаряд жөнөтөт

Бул тууралуу коргоо министри Жана Черночова министрлер кеңешинин жыйынынан кийин журналисттерге билдирди.

1769164
Чехия Украинага 4006 артиллериялык снаряд жөнөтөт

 

Чехия тилектештиктин алкагында Украинага 4006 артиллериялык снаряд жөнөтөт.

Чехиянын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө өлкөнүн Украинага 4006 даана 152 миллиметрдик снарядды «белек катары» жөнөтөрү белгиленди.

Бул тууралуу коргоо министри Жана Черночова министрлер кеңешинин жыйынынан кийин журналисттерге билдирди.

«Украина менен биздин кызматташтыгыбыз узак мөөнөттүү жана биз аны демократия жолунда колдоону улантуудабыз. Саясий жана дипломатиялык жолдордон тышкары, биз бул ок-дарылар жардамы сыяктуу материалдык колдоо да көрсөтөбүз. Биз муну Украина менен маанилүү тилектештиктин белгиси деп эсептейбиз»,-деп айтты.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Якуб Фажнор Киев өкмөтү жардам сураганын белгилеп: «Белектин максаты - Орусия Украина чек арасына ири аскер күчтөрүн топтогондон кийин Украинанын коргонуусун бекемдөөгө жардам берүү»,-деди.



Тектеш кабарлар